Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №38/7
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн акча каражатынан социалдык жактан жардамга муктаж, турмуш шарты начар айыл тургунуна акча каражат бөлүү жөнүндө
Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы У. Мокешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн 400 000 сом акча каражатын ичинен Ак-Муз айылынын дең-соолугу жактан жардамга муктаж, турмуш шарты начар Чаарова Гүлайымга 50 000 (элүү миң) сом жардам берилсин;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У.Мокешов |