Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну №39/3
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2215 статьясынан үном болуп калган 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражатын 3111 статьясына которуу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңештин төрагасы У. Мокешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2215 статьясынан үнөм болуп калган 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты 3111 статьясына которулсун;
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага: | У.Мокешов |