Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 27-25/2
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2018-жылдын 4-декабрындагы, чыг.№01/16-4065 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, муниципалдык имараттарга жана курулмаларга катуу шамалдын кесепетинен келтирилген зыяндарды жоюу үчүн (тизмеге жана сметаларга ылайык), Каракол шаарынын мэриясынын ММБДнин муниципалдык жерлерди тариздөө үчүн бөлүнгөн акча каражаттардын эсебинен, 1 090 000 (бир миллион токсон миӊ) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |