Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-апрели №1
Ынтымак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 29-мартындагы №5 токтомунун 1,3,4 жана 5-пункттарын жокко чыгаруу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибиндеги 2019-жылдын 29-мартындагы №5 токтомунун 1,3,4 жана 5 пункттарын жокко чыгаруу тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык кенешинин 2019-жылдын 29-мартындагы кезектеги 6-чакырылышынын XIX сессиясынын отурумунун №5 токтомунун 1,3,4 жана 5 пункттары, Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын 1-2-беренелеринин талаптарын бузуу менен кабыл алынгандыктан, жокко чыгарылсын
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы А. Абдикуловко тапшырылсын
Төрага: | М.Шалтаев |