Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-апрели №2
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Билим берүү мекемелеринин жана Тоо гүлдөрү балдар бакчасынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери туралуу
Ынтымак айылдык кенешинин күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Билим берүү мекемелеринин жана Тоо гүлдөрү балдар бакчасынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгын айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкм өтүнүн аймагындагы Билим берүү мекемелеринин жана Тоо гүлд өрү балдар бакчасынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын
2. Ынтымак айыл өкм өтүнүн аймагындагы жаёы курулган Беш-Буркан орто мектебинин курулуш иштери талапка жооп бербегендиктен тиешелүү жерлерге кайрылуу мектеп директору Ч. Б өрүбаевага милдеттендирилсин
3. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Арык-Бою мектебинин нымдуулугу жогору болгондуктан ар бир кабинетке желдеткич орнотуу мектеп директору Т. Исамовага милдеттендирилсин.
4. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каримберди толук эмес мектебинин айланасын тосуу, окуу куралдары жана каанадагы эмеректерди толуктоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана мектеп директору Зга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Социалдык саясат (Билим берүү маданият саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын
Төрага: | А.Абдикулов |