Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-апрели №4
Челекчи айылына трансформатор орнотуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Ынтымак айыл өкмөтүнүн Челекчи айылына трансформатор орнотуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жонүндогү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Челекчи айылына трасформатор орнотуу үчүн ошол айылдын жогорку жагынан башка жерлер категориясынан 9м2 жер аянтын ажыратып берүү айыл өкмөтүнө сунушталсын
2. Жогоруда аталган жер аянтына турак жай куруу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлкко укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жер аятына архитектуралык план долбоорлорун даярдап берүү жагы суралсын.
1. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ынтымак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | А.Абдикулов |