Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-майы №4
Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан айылындагы 1,58 га таштак жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги сессиясындагы, Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын 2019-жылдын 15-майындагы №12 протоколуна негиз Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан айылындагы Чожо маала участкасынан турак жай курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-статьясына негиз, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы «Жер участокторун которуу(трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» №169-тотомун жетекчилике алып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын 2019-жылдын 15-майындагы, Беш-Буркан айылынын Чожо маала участкасынан турак жай курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү, Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын №12 протоколу жактырылсын
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11,13,32-статьясына негиз, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартынагы «Жер учстокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» №169 токтомун жетекчиликке алып Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан айлылындагы Чожо маала участкасынын таштак жайыт жер аянтынын эсебинде турган 1555-1,58га,бардыгы болуп1,58га таштак жайыт жер аянтына мектеп куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууга макулдук берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Жогоруда аталган жер аянтын таштуу жайыт категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которуу жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Аталган жер 1985-жылдагы Беш-Буркан айылынын башкы планын негизинде 1,15га жер аянты мектеп курууга бөлүнүп берилсин.
5. Жогоруда аталган жер аянтына турак жай куруу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
6. Ажыратылган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер аятына архитектуралык план долбоорлорун даярдап берүү жагы суралсын.
Төрага: | А.Абдикулов |