Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры №66/1
Кызыл-Сенир айылындагы таза суу скважинасынын пайдаланып жүргөн жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Сеңир айылындагы Союз мезгилинде курулган таза суу скважинасынын пайдаланылып келген жер аянтын мыйзамдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл чарба , турак-жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХVIII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл- Сеңир айылындагы Союз мезгилинде курулган таза суу скважинасынын пайдаланылып келген жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдатуу айыл өкмѳт башчысы Э.Ж.Пасаңовко милдеттендирилсин .
3. октомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Мусаев |