Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры №67
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө
Кызыл - Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХVIII кезектеги сессиясы Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Эски Покровка айылында жайгашкан айыл өкмөттүн административдик имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Эски Покровка айылында жайгашкан айыл өкмөттүн административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү демилгеси (долбоордун сметалык баасы – 2 658 372 сом) колдоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Эски Покровка айылында жайгашкан айыл өкмөттүн административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2019-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча сметада акча каражаты каралгандыгы (“ж.б чыгымдар” статьясынын имаратты кезектеги ремонт иштери, имаратты оң абалда кармоо, ар түрдүу долбоорлорду, демилгелерди колдоо ж.б пункту боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен айыл өкмөттүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үлүштүк бөлүгу же 531 675 сом жергиликтүү бюджеттен эсептелсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу-башкы бухгалтер А.Абдуллаевге жуктөлсүн.
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин төрагасы: | К.Мусаев |