Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
2018-жылдын 25-декабры №72
Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120 – р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык- аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында чыгарылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17-октябрь 2018-жылдагы № 01-18/ 126 буйругун аткаруу максатында Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХ кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын төмөндөгү курамы бекитилсин:
1. Кайкыев. А- айылдык кеңештин депутаты, комиссия төрагасы,
2. Бекиев .А- айыл өкмөттүн башкы адиси, комиссия төрагасынын орун басары,
3.Абдуллаев.Р- айыл өкмөттүн башкы адиси, комиссиянын катчысы,
4. Темирбаев. А - айылдык кеңештин депутаты, комиссия мүчөсү,
5. Мадаминов .О- айылдык кеңештин депутаты, комиссия мүчөсү,
6. Жороев. А – Кочкор-Ата айыл тургуну, комиссия мүчөсү,
7. Султанов .А- Гузар айыл тургуну, комиссия мүчөсү,
8. Насиев. Э – аксакалдар сотунун төрагасы, комиссия мүчөсү,
9. Ормонова .Х-аялдар кенешинин төрайымы, комиссия мүчөсү.
2. Комиссия курамына айылдык аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын ЖОБОсуна ылайык иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Кайкыевке тапшырылсын.
Төрага: | К.Мусаев |