Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 27-25/3
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2018-жылдын 5-декабрындагы, чыг.№1/16-4073 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XХV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрүнө, Каракол шаарынын жарыктандыруусуна республикалык бюджеттен 4 300 000 (төрт миллион үч жүз миӊ) сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөндүктөн, өзгөртүүлөрдү киргизсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, шаарды жарыктандырууга бөлүнгөн акча каражаттарды, “Каракол көрктөндүрүү, санитардык тазалоо комбинаты” МИсине бөлүп берсин.
3. “Каракол көрктөндүрүү, санитардык тазалоо комбинаты” МИсинин директору, шаарды жарыктандырууга бөлүнгөн каражаттарды, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен иштетсин.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.А.Айсаракунов |