Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №73
Кызыл-Сеңир үрөөнчүлүк чарбасынын,М.Тешебаев атындагы кооперативинин жана К.Ташиев атындагы техникалык лицейинин жерлерин аукционго коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл - Сенир үрөөнчүлүк чарбасынын өз функцияларын аткарбай элге сапаттуу үрөн менен камсыздабастан, жер салык жана соцфонд төлөмдөрүн төлөп гана келишим менен иштетүүгө берилген жер аянттарын жетекчиси К.Бекмурзаев жеке кызыкчылыгына иштетип келгендигинен жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министерствосунан үрөөнчүлүк чарба катары каттоодон өтпөгөндүгүн эске алып, М.Тешебаев атындагы кооперативдин жана К.Ташиев атындагы техникалык лицейдин айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунан иштетип келе жаткан жерлерин келишимди аткарбай келе жаткандыгынан аукцион аркалуу элге ижарага берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушун жана айылдык кеңештин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХ кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүң кайра бөлуштүрүү фондунан иштетип келе жаткан жерлери:
1,1. Кызыл-Сенир үрөөнчүлүк чарбасынын-
61,5 га сугат,
56,6 га кайрак,
Бардыгы 118,1 га жери.
1,2. М. Тешебаев атындагы кооперативдин –
19,5 га сугат,
8,5 га кайрак,
13,0 га бак,
4,0 га чөп ормо,
Бардыгы 45,0 га жери.
1,3. К.Ташиев атындагы тех .лицейдин 6,2 га сугат жери.
Жалпысы 169,3 га жер аукцион аркалуу элге ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Аукционду мыйзам талаптарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “ Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү жобонун” негизинде өткөрүү айыл өкмөт башчысы Э.Ж. Пасаңовго милдетендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча
туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага орун басары А.Кайкыев
Төрага орун басары: | А.Кайкыев |