Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №74/1
Эски Покровка айылынын көчөлөрүнүн бирине Пасаңов Жетимиштин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХХ кезектеги сессиясы Эски Покровка айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пасаңов Жетимиштин ысмы Эски Покровка айылынын эски МТФ участкасындагы аты жок көчөгө ыйгарылсын.
2.Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды ,үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Пасаңов Жетимиштин уул- кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Эски Покровка айылынын айыл башчысы М. Аматовко милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары: | А.Кайкыев |