Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №74/2
Кремль айылынын Сай көчөсүнө Батыров Бокондун ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХХ кезектеги сессиясы Кремль айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Батыров Бокон ысмы Кремль айылынын Сай көчөсүнө ыйгарылсын
2.Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды ,үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Батыров Бокондун уул- кыздарына тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кремль айылынын айыл башчысы З.Бабашовко милдеттендирилсин
Төраганын орун басары: | А.Кайкыев |