Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-апрели №2/1
Күнтуу айыл аймагы боюнча таза сууну ар бир кожолукка киргизүү боюнча наркын бекитип берүү
Күнтуу айылдык кеңеши «Таза Күнтуу»-муниципиалдык ишканасынын директору Шилов Валерий Михайловичтин сөзүн угуп талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагы боюнча таза сууну ар бир кожолукка кошуу үчүн Таза Күнтуу ишканасы тарабынан ар бир чарчы метрге 200-сомдон алынсын, бул баанын ичине баардык тиешелүү материалдары жана ушул ишке тийешелүү тейлөөсү киргизилсин, чыгымдалуучу каражаттар боюнча ар бир кишиге түшүндүрүү иши жүргүзүлүп, чыгым каражаты көрүнүктүү жерге илинсин;
2. Бул иш-чараны Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиев жана Күнтуу айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы тыкыр көзөмөлгө алсын;
3. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кунтуу айылдык Кеңештин төрагасы: | У.Б.Астаркулов |