Загрузка документа…
САЗ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-ноябры №22
Кыргыз Республикасынын эсептоо палатасынын 5-ноябрь 2018жылдагы № 01-4/108 каты боюнча
Саз айылдык кенеш катта корсотулгон кемчиликтер каралып талкууланып белгиленген финансалык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу жана мындан ары болтурбоо боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АЧМФ жана жайыт жерлери толугу менен ижарага берүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлсун.
2. Авансалык отчеттор жана сатып алуу актыларын тапшырууда милдеттүү реквизиттердин толук толтурулушуна ,ошондой эле эсеп берме жактар тарабынан эсеп бермеге алыган акча каражаттары үчүн авансалык отчеттордун бардык тастыктоочу документтери тиркемелери менене өз убагында тапшыруу көзөмөлү күчөтүлсүн. Сатып алуу актылары милдеттүү түрдө бекитилсин.
3. Ижарачылардан төлөнбөгөн ижара акысы 2018-жылдын 1-январына карата жер салыгы боюнча карыздар жер адиси Т.Есеналиев жана салык инспектору А.Баймуратова тарабынан өндүрүлсүн. Жерди ижарага алгандар ижарачылар чакырылсын.
4. “ТОС ОПП” “Саз” жайыттарды пайдалануудагы 61,0 жер салыгы жайыт комитетинин төрагасы Б.Бозжигитов тарабынан өндүрүлсүн.
5. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү кемчиликтердин жана жетишпестиктердин баардыгы башкы бухгалтер тарабынан жоюулсун
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет комиссиясынын төрагасы У.Баитовко жана айыл өкмөт башчысы А.Жумашалиевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | К.Сарымсаков |