Загрузка документа…
САЗ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-ноябры №23
Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча комиссиянын төрагасы, Саз айылдык Кеңешинин депутаты Ж.Кубатлаевдин 2018-жылдын 26- ноябрындагы корутундусун талкуулап, Саз , Конуш айылдарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Белгиленген тартипте Саз жана Конуш айылдарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуучу оъектилерди Саз айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Саз айыл өкмөтү белгиленген тартипте ичүүчү суу оъектилерин толугу менен өз башкаруусуна өкөрүп алсын:-Конуш ,Саз айылдарынын жашоочуларын жана социалдык объектилерди ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылынсын-өткөрүлүп алынган ичүүчү суу объектилери максаттуу түрдө колдонулсун
3. Саз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жумашалиевке-айыл өкмөтүнүн аймагында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүндө ИСКАКБ “ Саз-Булак” уюмун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткорсүн:-калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу оъектилерин уюмдун башкаруусуна өткөруп берсин.
4. Ушул Токтомдун аткарылышы Саз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумашалиевке жүктөлсүн.
Айылный кенеш: | К.Срымсаков |