Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №16
«2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо» тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Указынын негизинде, аймактардын социалдык-экономикалык потенциалын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүүлөрү, ошондой эле Новопавловка айыл өкмөтүнүн №4, №5, №113, №168, №477, №498, №519, №520 контурларындагы айыл чарба максатындагы бирок, тамдар салынып кеткен жерлерди өздөрүнүн же башка булактардан тартылып келинген каражаттары менен калктуу пункт уюштуруу үчүн комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүгө, андан ары туруктуу өнүгүүгө (жергиликтүү шарттарды эске алуу менен) шарт түзүп берүү милдетин өз моюндарына алуу боюнча муниципалдык-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимин түзүү тууралуу «Шамшы-2016» коомдук фондунун төрагасы Д.Шейшекеевдин кайрылуусун карап чыгып, ошондой эле «Шамшы-2016» коомдук фондунун өздөрүнүн же башка булактардан тартылып келинген каражаттары менен калктуу пунктун уюштуруу жана өнүктүрүүгө шарт түзүп берүүсү тууралуу келишими жөнүндөгү Жер комиссиясынын чечимин карап чыгып,Новопавловка айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.№4, №5, №113, №168, №477, №498, №519, №520 контурларындагы жалпы аянты 403 га жер участогу «Шамшы-2016» коомдук фондуна 5(беш) жылдык мөөнөт менен сатып алууга укугу жок шартта ижарага берилсин жана ушул тууралуу эки тараптуу юридикалык келишими түзүлсүн.
2.Бул токтомду аткаруу жагы Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Новопавловка айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Табалдиев |