Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабыры №92/27
Аламүдүн айыл аймагын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн планы жөнүндө
Аламүдүн айыл аймагын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы №101 “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айыл Кеңешинин депуттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Аламүдүн айыл аймагын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Аламүдүн айыл өкмөт башчысы Н.А. Көлбаевке жүктөлсүн.
Төрага: | А.Филименко |