Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабыры №93/27
2018-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө, 2019-жылга карата план жөнүндө жана 2020-2022 жылдарга карата орточо тездиктеги орточо ыкчамдыктагы бюджеттин божомолу жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Д. Алымбаеваеванын “2018-жылдын бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө, 2019-жылга карата план жөнүндө жана 2020-2022 жылдарга карата орточо тездиктеги орточо ыкчамдыктагы бюджеттин божомолу жөнүндө” жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы №101 “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майдагы №60 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин ишке киргизүү жөнүндө ” Мыйзамынын негизинде маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Аламүдүн айыл Кеңешинин депуттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Д. Алымбаеваеванын Аламүдүн айыл өкмөтүнүн 2018 -жылга карата бюджеттик кирешеси боюнча 78095,5 миң сом суммасындагы жана чыгаша боюнча 78104,4 миң сом суммасында, атайын эсептеги киреше боюнча – 4909,8 миң сом , чыгаша боюнча – 5011,7 миң сом эске алынсын.
2. 01.01. 2019-жылга карата 78,8 миң сом негизги эсеп боюнча, ал эми 43,6 миң сом атайын эсеп боюнча бош калдык каражат бекитилсин. Бош калдык каражат №1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
3. Кирешелер жана чыгашалар боюнча 2018-жылга карата берилген план прогноз (божомол) төмөнкү суммада бекитилсин:
- бюджет боюнча – 70146,0 миң сом;
- атайын эсеп боюнча – 6000,0 миң сом;
4. 2019-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгүнүн негизги эсебинин жана айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин мерчеми каржы булактарынан келип түшүүлөрдүн эсебинен №2 тиркемеге ылайык калыптанат.
5. 2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн күнүмдүк чыгашаларын каржылоого кетүүчү каражаттар негизги эсептен жана атайын эсептен №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2020-2022 жж. карата айыл өкмөтүнүн орточо ыкчамдыктагы бюджетинин мерчемдик долбоорунун кирешелер жана чыгашалар боюнча эсептери эске алынсын.
7. 2019-жылдын бюджети боюнча кассада айланууда турган накталай каражат 10,0 миң сом суммасында бекитилсин.
8. Райондогу бюджеттик мекемелердин чыгашаларын каржылоого багытталган каражаттын көлөмү сметага ылайык так сакталып, ошондой эле иш чараларга жана программаларга кеткен каражат ушул Жободо кабыл алынган чекке жараша коромжуланат деп бекитилсин.
9. 2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалары факты боюнча келип түшкөн кирешенин чегинде каралып, жана учурда коргоодо турган беренелер (айлык акы, соц. фондко жиберилүүчү которуулар, тамактануу, коммуналдык тейлөө) боюнча эң биринчи кезекте каржыланат деп бекитилсин.
10. Республикалык бюджеттен келген 0 суммасындагы тууралоочу грант айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген бюджетинде эсепке алынсын.
11. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №60 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аракетке киргизүү жөнүндө” 109-
беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө бюджетти аткаруу процессинде чыгашалардын коргоодо турган беренелерин кемитпестен чыгаша беренелеринин ортосунда жүгүртүлүүчү ассигнованиелерди, ошондой эле жалпы чыгашалардын 5% чегинде негизги топтордо, кичине топтук чыгымдарды кайра бөлүштүрүүгө укук берилсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-ж. 28-июнундагы № 384 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө» Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-ж. 2-октябрындагы №543 Жобосуна ылайык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын аппараты боюнча, турмуш-тиричилик чарбасы (ЖКХ), китепкана, клуб боюнча 2019-жылга штаттык жүгүртмөлөр бекитилсин (штаттык жүгүртмөлөр тиркелди).
13. 2019-жылы бюджетти аткаруудан келип түшкөн кошумча кирешелерди Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган социалдык маселелерди чечүүгө, социалдык-экономикалык планды жана өз чечимдерди жүзөгө ашырууга багыттоо зарыл.
14. Аламүдүн айыл аймагынын резервдик фонду 2019-жылга карата жалпы чыгымдын 1% түзгөн 701,5 миң сом суммасында бекитилсин.
15. «Мамлекеттик тейлөө» бөлүмү боюнча 2019-жылга карата бюджеттен өз милдетин мыкты аткарганы үчүн материалдык жактан берилүүчү колдоо иретинде 1119,1 миң сом суммасы беш кызматтык айлык акыга чейин муниципалдык кызматты аткаруучуларга акчалай сыйлык жана материалдык жардам иретинде берилүүчү төлөм катары берилүүгө алдын ала каралсын.
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Филименко |