Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабыры №96/27
Эмгек келишимине ылайык 2019-жылга карата эмгек акысына кошуп төлөөлөр жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөт башчысынын эмгек келишимине ылайык 2019-жылга карата эмгек акысына кошуп төлөөлөр жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, 2019-жылга карата план жөнүндө жана орточо тездиктеги бюджеттин божомолу жөнүнд жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өзүн-өз башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Аламүдүн айыл Кеңешинин депуттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата эмгек келишими боюча ар бирай сайын айлык акыга кошуп төлөөлөр бекитилсин
- турмуш-тиричилик чарба (ТТЧ - ЖКХ) жетекчисинин орун басары - 4250 сом;
- Садовое айылынын китепкана башчысы - 3000 сом;
- салык боюнча адис - 3550 сом;
- иш кагаздарын алып баруучу катчы – 2000 сом;
- таштанды ташыган унаа айдоочусу – 5850 сом;
- тез жардам айдоочусу - 8198 сом;
- автокран, автовышка айдоочу – 4600 сом;
- юрист- 4375 сом;
- экология инспектору – 3000 сом;
- кызмат бөлмөлөрүн тазалагыч – 2500 сом;
- жер адисинин жардамчысы – 3550 сом;
- психолог- 1113 сом;
- топосүрөт тарткыч - 1113 сом;
- музей жетекчиси - 1250сом;
- салык инспектору (2 бирдик) – 7100 сом;
- маданият кызматкери – 1913 сом.
БАРДЫГЫ – 57362 сом (элүү жети миң үч жүз алтымыш эки).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Аламүдүн айыл өкмөт башчысы Н.А. Көлбаевке жүктөлсүн.
Төрага: | А.Филименко |