АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабыры №97/27
Автоунааны ажыратуу жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөт башчысынын «Нива» автоунаасын ажыратуу жөнүндө маалыматын карап жана талкуулап чыгып, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө карата муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 10,11. беренисинин негизинде Аламүдүн айыл Кеңешинин депуттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө муниципалдык менчиктеги «Нива» автоунаасын сатып алуу – сатуу жолу аркылуу ажыратуу амалын аткарууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Аламүдүн айыл өкмөт башчысы Н.А. Көлбаевке жүктөлсүн.
Төрага: | А.Филименко |