Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабыры №99/27
Сыйлык тапшыруу жөнүндө
Аламүдүн айыл Кеңешинин аймагында жашаган афган согушуна катышуучулардын кайрылуу катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына байланыштуу Аламүдүн айыл Кеңешинин депуттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлык тапшыруу комиссиясына ДРА согушунун катышуучусу, Аламүдүн айыл Кеңешинин депутаты Сопиев Абдыманап Үсөкеевичти «Даңк» төш белгиси менен сыйлоого өтүнүч каты жиберилсин.
2. Аламүдүн айыл өкмөт башчысына Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Сопиев Абдыманап Үсөкеевичтин тиешелүү жеке иш кагаздарын даярдап жана жөнөтүүсү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Аламүдүн айыл өкмөт башчысы Н.А. Көлбаевке жүктөлсүн.
Төрага: | А.Филименко |