Редакцияот 27.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 27-декабыры №102/27

Жер тилкесин ажыратуу жөнүндө

Аламүдүн айыл өкмөт башчысы Н.А. Көлбаевдин Аламүдүн айылындагы Гидростроитель көчөсүндө жайгашкан спорт комплексинин курулушу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 29-беренесине таянып, Аламүдүн айыл Кеңешинин депуттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аламүдүн айылындагы Гидростроитель көчөсүндө номуру жок жайгашкан индентификациялык коду 7-01-03-1001-4025, жалпы аянты - 3748,03 м2 болгон муниципалдык жер тилкесинин сатууга коюулуусуна уруксат берилсин.

2. Сатуудан келип түшкөн акча каражаты спорт комплексинин курулушуна жумшалсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Аламүдүн айыл өкмөт башчысы Н.А. Көлбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Филименко