Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №02
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда 2019-жылдын 1-январына калган акча каражаты жөнүндө
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкулованын кайрылуусун карап жана талкуулап ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы мининстрлигинин Сузак башкармалыгындагы счетунда жергиликтүү бюджет эсебинен 2019-жылдын 1-январына калган 3927,1 (үч миллион тогуз жүз жыйырма жети миң бир жүз) миң сом акча каражаты төмөнкү тармактарга жана статьяларга бөлүнүүсү бекитилсин:
Башкаруу бөлүмүнүн (70111) 2215-беренесине 208,3 миң сом,анын ичинен
10,0 миң сом-АДК чыгымдарына;
15,0 миң сом-Экотехинспекция тарабынан салынган айып пул
26,3 миң сом-айыл өкмөтүнүн аймагындагы жолбун иттерди аттыруу;
17,0 миң сом-газета журналга жазылуу;
70,0 миң сом-Доскана айылына курула турган балдар бакчасынын документин жасатуу;
70,0 мин сом-Гулистан айылына курула турган балдар бакчасынын документин жасатуу;
2231-беренесине 47,1 миң сом
3311-беренесине-878,0 миң сом, анын ичинен
100,0миң сом-Живпром участкасына трансформатор алуу үчүн а/ө салымы;
112,0миң сом- Дмитровка айылынын жаңы конуштарына таза суу линия түшүрүү;
95,0 миң сом-технадзор кызмат акысы
571,0 миң сом-Ынтымак айылынын К.Абдурасулов көчөсүн асфальттоо үчүн айыл өкмөттүн салымы;
3112-беренесине 436,6 миң сом анын ичинен
350,0 миң сом- кызматтык автоунаа сатып алуу;
86,6 миң сом –айыл өкмөтүнө эмерек сатып алуу;
Коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн (70629) 3111-беренесине-802,7миң сом.
10,0 миң сом-Ынтымак айылынын көпүрүсүн оңдоо
400,0миң сом-Таш-Булак айылынын көчөсүн асфальттоо үчүн а/өкмөтүн салымы;
192,5 миң сом-Доскана айылындагы ФАП имаратына кошумча чыгымдары;
200,2 миң сом-Доскана айылындагы ФАП имаратынын айланасын тосуу чыгымдары;
3111 беренесине 1102,9 миң сом-Ынтымак айылына курула турган балдар бакчасына;
3112-беренесине 86,2миң сом-Доскана айылындагы балдар бакчасына эмеректерди сатып алуу;
Билим берүү бөлүмүнүн (70921) 2231 беренесине 165,3миң сом.
3111-беренесине 100,0мин сом “Ласточка” билим берүү уюмунун документин жасатуу;
3111-беренесине 100,0мин сом “Идирисова” орто мектебинин полун капиталдык оңдоо;
2.Токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |