Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №04
Типовой участкасынын 6-көчөсүнө Калыев Арзыбайдын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Типовой участкасынын тургундарынын 2019-жылдын 7-январында өткөрүлгөн чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Типовой участкасынын 6- көчөсүнө Калыев Арзыбайдын аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү уйлордун нумерациялоо, вывескаларды даярдап илдируу жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Калыевдердин үй-бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.
3.Калыев Арзыбайдын атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |