Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №13
Ынтымак айылындагы Т.Тайгараев айлампасынан темир жол өткөн өткөн чейинки жолго Ажиматов Мамытбектин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Жалал-Абад областык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын профсоюз комитетинин 2018-жылдын 25-ноябрында өткөрүлгөн чогулушунун №9-протоколунун чечимин жана 2018-жылдын 26-ноябрындагы №101-катын карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Т.Тайгараев айлампасынан Жалал-Абад шаарына кеткен Ш.Абдраманов көчөсүндөгү темир жолго чейинки жолго Ажиматов Мамытбектин аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү уйлордун нумерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Ажиматовдордун үй-бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.
3.Ажиматов Мамытбектин атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |