Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын.29-январы №17
Таза суудан ар түрдүү иштерге пайдаланууга болгон төлөмдөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Таш-Булак таза-суу коомдук бирикмесинин башчысы А.Абдухалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ичимдик таза суудан ар түрдүү иштерге пайдаланууга болгон төлөмдөрдүн тарифи 01.02.2019-жылдан баштап төмөндөгүчө бекитилсин.
а) Чайкана,кафе,ресторан,баня,балдар бакчасы,автоунааларды жуучу жерлерге айына -1000сом.
б) Песко блок чыгаруучу цех,Теплицаларга айына-500сом.
в) Кам кыш куюучу цех,автозаправка,кичи стадион,нанвайкана жана огород сугарууга айына-300сом.
2.Ушул токтомду айылдардын элдерине түшүндүрүү жана ишке ашыруу жагы айыл өкмөттүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу “Таш-Булак таза-суу”, “ Дмитровка”, “ Жети-Кошкон”коомдук бирикмесинин мекемесинин жетекчилерине тапшырылсын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |