ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XVII-СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 29-январы №17
Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу эгиндерге түшкөн мал-жандыктарга административдик айып салуу жөнүндө
2011-жылдын 21-декабрындагы №245 мыйзадарынын редакцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 185-статьясын жетекчиликке алып
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу эгиндерге түшкөн мал-жандыктарга актынын негизинде административдик комиссиянын чечими менен
а) Ири мүйүздүү малга 1000 (миң) сом,
б) Жылкыга- 1000 (миң)сом,
в) Кой,эчкилерге- 100 (жүз) сомдон айып салууга уруксат берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго жүктөтүлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |