Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №02
Дмитровка айылынын жаңы көчөсүнө Аманкулов Расулдун атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын тургуну Р.Аманкулованын жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Дмитровка айылындагы жаңы көчөгө Аманкулов Расулдун аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү үйлөрдүн номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Аманкуловдордун үй-бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.
3.Аманкулов Расулдун атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |