Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №05
Ынтымак айылынын аты жок бош көчөгө Баткен согушунун ардегери-Коомдук жана мемлекеттик ишмер Назаров Калилдин атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Жалал-Абад областык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын профсоюз комитетинин 2019-жылдын 04-апрелинде өткөрүлгөн чогулушунун №11-протоколунун чечимин жана 2019-жылдын 05-апрелындагы №33 №34-катын карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында жайгашкан Жалал-Абад-Октябрское автожолунун Т.Тайгараев айкели турган айлампасынан Жалал-Абад шаарынын Ж.Шерматов көчөсүнүн акыркы, Жжиженный газ мекемесинин алдындагы светофорго чейинки автожолго Баткен согушунун ардегери ,коомдук жана мамлекеттик ишмер “Назаров Калил”дин аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү үйлөрдүн номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Назаров Калилдин үй-бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.
3.Баткен согушунун ардегери, коомдук жана мамлекеттик ишмер Назаров Калилдин атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |