Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын.15-майы №09
Типовой участкасындагы А.Жолонов көчөсүнөн жогору кеткен жолго Кудайкулов Райымжандын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Типовой участкасынын тургуну Кудайкулов Багыштын жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛЫТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштары жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген“Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Типовой участкасындагы А.Жолонов көчөсүнөн жогору кеткен көчөгө “Кудайкулов Райымжан”дын аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү үйлөрдүн номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Кудайкуловдордун үй-бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.
3.Кудайкулов Райымжандын атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |