Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын.31-майы №01
Ынтымак айылында жайгашкан Советтер Союзунун баатыры Т.Тайгараевдин айкелин ремонттоо үчүн акча каражат маселесин чечүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылкы Указы 2020-жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесин утурлап жана “Тукубай Тайгараев”атындагы кайрымдуулук коомдук фондунун жазган катынын негизинде жана айылдык кеңештин төрагасы Шермат уулу Алмаздын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында жайгашкан Советтер Союзунун баатыры Т.Тайгараевдин айкели турган жер биздин аймакка карагандыгына байланыштуу аны ремонттоо боюнча долбоорду ишке ашырууга кете турган акча каражатын чечип берүүнү Жалал-Абад облусттук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өнүктүрүү фондунун эсебинен сметада көрсөтүлгөн акча каражатты ажыратып берүү суралсын.
2.Бөлүнгөн акча каражатты туура сарптоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго жана айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду максаттуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет,каржы жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: | Шермат уулу Алмаз |