Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры №147
Бешкент айыл аймагына караштуу Шоро участка сындагы №1012 контурдан 2-га жайыт жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтин Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы О.Т Баховотдиновко 2018-жылдын 25-декабрындагы №733 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагына караштуу Шоро участкасындагы №1012 контурдүн жайыт жеринен 2 га жер бак-дарак кылуу үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |