Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-июну № 95/20
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Жазы айыл аймагында таштандыларды ташып чыгуу жана айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында “Жазы Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн алдында “Жазы Тазалык” муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана төмөндөгудөй аталсын
“Жазы Тазалык” муниципалдык ишканасын толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Жазы Тазалык”МИ
Расмий тилде аталышы: МП “Жазы Тазалык”
2. “Жазы Тазалык” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Ибраимовго жуктөлсүн. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлкеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердегимаалыматтардын анык экендиги жана,мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Ж. Акматов |