Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № 38\4
Айыл өкмөтүнүн карамагындагы айрым жер аянттарынан түз берүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XXXVIII-сессиясы, Кочкор айыл өкмөтүнүн карамагындагы АЧМФнун, муниципалдык менчикте турган жана турак жай фондусуна берилүүчү жер аянттарынан социалдык жактан муктаж адамдардын карамагына түз берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын 25-январь 2019-жылдагы №63 сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесине ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянттарын менчикке жана ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия, Кочкор айыл өкмөтүнүн карамагындагы АЧМФнун, муниципалдык менчикте турган жана турак жай фондусуна берүүлүчү жер аянттарынан социалдык жактан муктаж адамдардын карамагына түз берүүнү карашсын.
2.Бул комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү жобосун» жетекчиликке алуу менен иш алып барышсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү муниципалдык менчик жана жер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балыкбеков |