Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №39/5
Кочкор айыл өкмөтүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Т.Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата Кочкор айыл өкмөтүнүн атын өзгөртүү маселесин жана депутаттардын сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Т.Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата Т.Усубалиевдин атын түбөлүккө туулган айылында сактап калуу максатында Кочкор айылдык кеңеши жана Кочкор айыл өкмөтү- Т.Усубалиев атындагы айылдык кеңеши жана Т.Усубалиев атындагы айыл өкмөтү деп өзгөртүлсүн.
2.Кочкор айылдык кеңешинин жана Кочкор айыл өкмөтүнүн атын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасыны Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылынсын.
3.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балыкбеков |