Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №39/7
Кочкор айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү комиссиясын бекитүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XXXIX-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №243-токтому менен бекиген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү Жобосуна” ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн 12.02.2019-жылдагы № 18 -буйругу менен түзүлгөн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү комиссиясы бекитилсин.
2. Түзүлгөн комиссияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №243-токтому менен бекиген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү Жобосун ” жетекчиликке алуу тапшырылсын.
3. Жер комиссиясына - лотторду түзүү, кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилөө, чек араларды аныктоо иштерин алып баруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Р.Абакировга милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балыкбеков |