Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №39/8
Кочкор айыл өкмөтүндө 2019-жыл ичинде жайыт пайдалануу эрежелери жана тарифтери жөнүндө
Жайыт комитетинин Кочкор айыл өкмөтүндө 2019-жыл ичинде жайыт пайдалануу эрежелерин жана тарифтерин бекитүү маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт акылары жайыт акы жайыт пайдалануучулардан алына тургандыгы белгиленсин. (малчы, бадачы). Жайыт акыны 2019-жылдын октябрь айына чейин толук чогултуп бүткөрүү жайыт комитетине милдеттендирилсин.
2.Малдын түрүнө жараша алынуучу акы төмөндөгү тартипте бекитилсин:
Бир баш бодого шарттуу саны 1 - 60 (алтымыш) сом
Бир баш жаш бодого шарттуу саны 0,7 – 42 (кырк эки) сом
Бир баш кой, эчкиге шарттуу саны 0,2 – 12 (он эки) сом
Бир баш топозго шарттуу саны 1 – 120 (жуз жыйырма) сом
Башка айыл өкмөтүнөн алынган малга жайыт акысы 2,5 эс өлчөмүндө алынат.
3. Малчынын эмгек акысы:
Бир баш бодого-250 сом
Бир баш кой, эчки-35 сом өлчөмүндө белгиленсин:
4. Койду кыркуу акысы :
Бир баш койго – 35 сом.
5.Көчүү конуу режимдери төмөндөгүдөй тартипте жөнгө салынсын:
Жалпы ички жайыттар жана Кара-Кужур, Сары-Булак өрөөнүндөгү жайыттар жай мезгилинде (июнь айынан баштап октябрь айына чейин) жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныгууга калтырылсын. Жакынкы жайытты пайдалангандыгы учун өзү билемдик менен малын чыгаргандарга 4 – категориядагы айып пул салынсын.
7. Жазгы жайыттарга көчүү мөөнөтү 10 -апрелге чейин, Жазгы жайыттардан алыскы жайыттарга отуруу май айынын аягынан баштап 10- октябрына чейин белгиленсин. Ал эми Кара-Кужур, Сары-Булак өрөөнү боюнча 1-июндан баштап 10 –сентябрга чейин белгиленсин.
8. Жайыттарды, чабындыларды, айдоо жерлерди белгиленген режимин бузуу учурлары катталган учурда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин беренелерине ылайык төмөндөгүдөй чаралар көрүлөөрү жайыт пайдалануучуларга эскертилсин:
Жайыт комитетинин талабын аткарбай алыскы жайыттарга көчпөсө, жайлоодон эрте түшсө жана жайыт акысы менен мурунку жылдар учун эсептешпей, жайыт билетин узартпай кетсе жайыт берилбейт жана 4- категориядагы айып салынат.
Башка айыл өкмөттөрдүн жашоочуларынын (каттоосу башка айыл өкмөтүндөгү) малдарын жана малдарын толук каттатпагандарга 4- категориядагы айып салынат.
Малдарын эгинге, айдоо аянттарына, чөпкө, жайыттарды которуштуруп пайдаланууга калтырылган жерлерге киргизип же жайлоодон эрте түшүп тартипти бузгандарга салынуучу айыптардын өлчөмдөрү :
Бодо малдын башына:
-Бодого биринчи жолу 2-категория; жеке адамдар үчүн-30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн-130 эсептик көрсөткүч;
-Бодого экинчи жолу 3-категория;жеке адамдар үчүн-55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн-170 эсептик көрсөткүч;
-Бодого үчүнчү 4-категория; жеке адамдар үчүн-75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн-230 эсептик көрсөткүчтөгү айып пул салынат:
-Кой-эчкиге айыптын өлчөмү:
-Кой, эчкиге беш башка чейин – 1-категория; жеке адамдар үчүн-10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн-50 эсептик көрсөткүч;
-Кой, эчкиге беш баштан 50 башка чейин - 2-категория; жеке адамдар үчүн-30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн-130 эсептик көрсөткүч;
-Кой, эчкиге 50 баштан 100 башка чейин - 3-категория; жеке адамдар үчүн-55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн -170 эсептик көрсөткүч:
9. Эгиндерге, чөп чабындыларга келтирилген чыгымдын ордулары зыян тарткан тарапка малдын ээсинен же күнөөлүү тараптан толук өндүрүлүп берилет.
10.Бул токтомду Эмгек-Туусу газетасына жарыялоо, малчылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балыкбеков |