Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-апрели № 40\5
Кочкор айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясын түзүү маселесин карап, депутаттардын сунушун угуп «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кочкор айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык , жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы 5 депутаттан турган төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1.Аситов Алмасбек- №4138 Теңдик шайлоо округунан депутат, комиссиянын төрагасы
2.Орозахунова Света- №4135-4136 И.Арабаев-ЖТИ шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү
3.Шабданалиев Эрнистбек- №4134 Кара-Коо шайлоо округунан депутат,комиссиянын мүчөсү
4.Чөкчөев Кылыч- №4139 Үкөк шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү
5.Солтонкулов Тынар- №4133 Кочкор шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү
2. Регламнтке жана өздөрүнүн иш панына ылайык иш алып баруу туруктуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балыкбеков |