Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-апрели № 40\8
Кочкор райондук Таза Суу муниципалдык ишканасынын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор райондук Таза-Суу муниципалдык ишканасы 2010-жылы Кочкор районунун он бир айыл өкмөттөрү менен ассоциация түзүү үчүн «Кочкор райондук Таза Суу» муниципалдык ишканасы болуп түзүлүп бекитилген. Бирок ассоциация түзүлбөй иш алып барылбай калган жана Кочкор райондук болуп аты аталганы менен , таза суу менен Кочкор айылынын тургундарын эле камсыз кылып иш алып барууда. «Кочкор райондук Таза Суу» муниципалдык ишканасынын атын өзгөртүп «Кочкор Таза Суу» муниципалдык ишканасы деп кайра регистрациядан өтүүнү карап берүүнү сураган сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кочкор райондук Таза-Суу муниципалдык ишканасынын аталышы Кочкор Таза Суу муниципалдык ишканасы деп аталсын.
2. Кочкор Таза Суу муниципалдык ишканасы деп уставын регистрациядан өткөрүү ишкананын директору Казыбек уулу Алмазга милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балыкбеков |