Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-апрели № 41\2
Айыл чарба мамлекеттик фондунун жеринин ижара келишимин узартуу жөнүндө
Айыл чарба мамлекеттик фондунун жеринин ижара келишимин узартуу жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировдун маалыматын жана Кочкор айыл өкмөтүнүн «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү комиссиясынын 17-апрель 2019-жылдагы № 5 протоколун карап чыгып, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамыны 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2012-жылы беш жылдык мөөнөткө түзүлгөн Айыл чарба мамлекеттик фондунун айдоо аянттарын пайдалануу боюнча түзүлгөн ижара келишимдердин мөөнөтү 2019-жылдын 1-ноябрына чейин узартылсын.
2. Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин аукционго коюуда жана лотторду түзүүдө кетирилген кемчиликтерди кайрадан карап чыгып, жоюуу боюнча азыртадан даярдыктарды көрүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айылдык кеңешинин Айыл чарбасы, жер жана муниципалдык менчик, Экологиялык коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Ибиновго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балыкбеков |