Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы № 42\3
Кочкор айыл өкмөтүнүн 8-февраль 2019-жылындагы №17 буйругун бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн 8-февраль 2019-жылдындагы №17 «Кочкор айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларын баалоо жөнүндөгү» буйругун бекитүү маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кочкор айыл өкмөтүнүн 8-февраль 2019-жылындагы №17 «Кочкор айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларын балоо жөнүндөгү» буйругу бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балыкбеков |