Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы №4
Лейлек районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына заманбап имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Лейлек районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына заманбап имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына заманбап имарат куруу үчүн 0,10 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык жүргүзүү жагы Исфана шаар мэриясына жуктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кенешинин төрагасы: | Б.И. Тагаев |