Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы №4
2019-жылда каралган инвестициялык объектти бекитип берүү жөнүндө
Исфана жайыт комитетине АРИС тарабынан “Жайыттарды башкаруунун жамааттык планына” кирген үчүнчү гранттык 200 000 сомдук” долбоорлорду алуу үчүн 2019-жылда каралган инвестициялык объектти бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана жайыт комитетине АРИС тарабынан “Жайыттарды башкаруунун жамааттык планына” кирген үчүнчү гранттык 200 000 сомдук” долбоорлорду алуу үчүн 2019-жылда каралган инвестициялык объектти бекитилип берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кенешинин төрагасы: | Б.И. Тагаев |