Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы №6
Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын тейлөөчү кызматкерлерине квартал сайын берилүүчү маянасын эки эсеге көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын тейлөөчү кызматкерлерине квартал сайын берилүүчү маянасын эки эсеге көтөрүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14 жана 17-пункттарына ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын тейлөөчү кызматкерлерине квартал сайын берилүүчү маянасы дем берүү максатында тиркемеде көрсөтүлгөн кошумча үстөк акы ай сайын мыйзамдарга ылайык атайын эсептен эки эсеге көтөрүлүп төлөнүп берилүүсүнө макулдук берилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык жүргүзүү жагы Исфана шаар мэриясына жана Исфана шаар мэриясынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кенешинин төрагасы: | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XXIII
сессиясынын 2019-жылдын 3-
майындагы №6 токтомуна тиркеме
«Лейлек –Тазалык» муниципалдык ишканасынын таштанды ташып чыгаруучу айдоочулар жана таштанды жүктөөчү жумушчуларынын сандык курамы
№ | Аткарган кызматы | Ай сайын атайын эсептен берилүүчү акча каражаты | Соц Фонд төлөмү 10% | Под/налог
| Эмгек акы |
1 | айдоочу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
2 | айдоочу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
3 | айдоочу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
4 | айдоочу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
5 | жумушчу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
6 | жумушчу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
7 | жумушчу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
8 | жумушчу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
9 | жумушчу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
10 | жумушчу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
11 | жумушчу | 4000 | 400 | 360 | 3240 |
| Жалпысы | 44000 | 4400 | 3960 | 35640 |
Лейлек-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси: | З.Байзоков |
«Лейлек-Тазалык» муниципалды ишканасынын башкы эсепчиси: | Н.Джоошбаев |