Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы №7
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Бекмуратовдун сунушун кароо жөнүндө
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Бекмуратовдун сунушун кароо жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Бекмуратовдун сунушу эске алынсын.
2. Сунуш катта көрсөтүлгөн кемчиликтерди 2019-жылдын 6 айлык жыйынтыгы менен четтетүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Н. Хамраевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кенешинин төрагасы: | Б.И. Тагаев |