Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы №3
Бала-Саруу айылына суу чогултуучу жаңы Рожновский мунарасын куруу жана 1650 м суу түтүктөрүн орнотуу жөнүндө
Бала-Саруу айылына суу чогултуучу жаңы Рожновский мунарасын куруу жана 1650 м суу түтүктөрүн орнотуу боюнча долбоорду айылдык кенеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бала-Саруу айылына суу чогултуучу жаңы Рожновский мунарасын куруу жана 1650 м суу түтүктөрүн орнотуу боюнча чакан долбоор “АРИС” программасына сунушталсын.
2. Бала-Саруу айылындагы Жаштык көчөсүндө жайгашкан “Бала-Саруу таза суу ИСКАКБ суу сактоочу мунарасы 3114-м.кв жер тилкеси менен муниципалдык менчикке бекитилип берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага: | М.Садыков |