Редакцияот 25.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25 –чакырылышындагы кезектеги 2-сессиясы

 

2019-жылдын 25-февралы №10

Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жыл 5-августу № 451 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлу № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Покровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жыл 5-августу № 451 токтомунун негизинде Покровка айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата типтүү түзүмү жана штаттык саны бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.Покровка айыл аймагына караштуу китепканалардагы китепканачылардын штаттык бирдиги бекитилсин.(тиркелет)

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.

 

Төрага:

М.Садыков