Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №12
Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Турак жай салуу үчүн бөлүнгөн жер аянттарын жана ээси жок жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү Покровка айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Бердикеевдин кайрылуусун талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай салуу үчүн бөлүнгөн жер аянттарын жана ээси жок жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү Покровка айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Бердикеевдин кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Покровка айыл аймагы боюнча турак жай салуу үчүн бөлүнгөн жер аянттары жана ээси жок жер аянттары муниципалдык менчикке алынсын.(тизме тиркелет)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага: | М.Садыков |